Tunduk Logo
БИСке кирүү
Бирдиктүү идентификациялоо системасы
  • Булуттук колтамга
  • ID-карта
  • QR

Жеке идентификациялык номер бардык ырастоочу документтерде көрсөтүлгөн (мисалы: ID-паспорт, айдоочулук күбөлүк, чет өлкөлүк паспорт) жана 14 сандан турат

КЫР РУС ENG
instagram telegram twitter facebook youtube linkedin

Көп берилүүчү суроолор

БЭК деген эмне?

Булуттук электрондук колтамга (БЭК) – бул өз колу менен коюлган колтамга менен бирдей мааниге ээ электрондук колтамга, анда анын ээси жөнүндө зарыл маалыматтар камтылган санариптик символдор камтылат. БЭК квалификациялуу электрондук колтамга болуп саналат жана төмөнкү белгилерге жооп берет:

- колтамга ачкычын колдонуу менен маалыматты криптографиялык өзгөртүүнүн натыйжасында алынат;

- электрондук документке кол койгон адамды так аныктоого мүмкүндүк берет;

- электрондук документке кол койгон адам өзүнүн көзөмөлдөөгө жана сактоого жөндөмдүү болгон электрондук колтамга каражаттарын пайдалануу менен түзүлөт;

- электрондук колтамганы текшерүү ачкычы квалификациялуу сертификатта көрсөтүлгөн;

- электрондук колтамганы түзүү жана текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын "Электрондук колтамга жөнүндө" мыйзамына ылайык белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктаган электрондук колтамга каражаттары пайдаланылат.

БЭКти каяктан жана кантип алууга болот?

БЭКти төмөнкү жерлерден алууга болот:

- Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ);

- Ишкерлерди тейлөө борборлорунан (ИТБ);

- Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунан (ЖСБББ);

- Жергиликтүү аймактык башкарууларынан;

- Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттердин аймагында жайгашкан элчиликтеринен жана консулдуктарынан;

БЭК акысыз негизде жашы жеткен жана паспорту бар адамдарга гана берилет. БЭК алган учурдан тартып 1 жылдык мөөнөткө берилет!

БЭК алуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

- жеке жактар үчүн – паспорт;

- юридикалык жактар үчүн – бул шилтемеде көрсөтүлгөн документтердин пакети.

ЖЭК деген эмне?

Жөнөкөй электрондук колтамга (ЖЭК) – бул электрондук колтамгага дал келген электрондук ачкыч (коддор, паролдор жана башка идентификаторлор). ЖЭК квалификацияланбаган электрондук колтамга болуп саналат жана төмөнкү белгилерге жооп берет:

- колтамга ачкычын колдонуу менен маалыматты криптографиялык өзгөртүүнүн натыйжасында алынат;

- электрондук документке кол койгон адамды так аныктоого мүмкүндүк берет;

- электрондук документке кол коюлгандан кийин ага өзгөртүүлөрдү киргизүү фактысын аныктоого мүмкүндүк берет;

- электрондук документке кол койгон адам өзүнүн көзөмөлдөөгө жана сактоого жөндөмдүү болгон электрондук колтамга каражаттарын пайдалануу менен түзүлөт;

БИС деген эмне?

Бирдиктүү идентификациялоо системасы (БИС) – бул маалыматтык системаларда камтылган маалыматка карата санкцияланган жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. Бул система колдонуучуга төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет;

- БИС менен интеграцияланган ар кандай маалыматтык системаларына уруксат берүү үчүн бирдиктүү эсепти колдонуу;

- ар кандай маалыматтык системаларында бир нече каттоону жокко чыгаруу;

- БИСке туташкан колдонуучу менен маалыматтык системасынын коопсуз өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.

«Түндүк» мобилдик тиркемесинде БЭК кантип алса болот
1

1. Мобилдик тиркемени жүктөп алыңыз

2. «Кирүү» баскычын басыңыз

2

3. «Катталган эмессизби?» баскычты басыңыз

3

4. Талааларды толтуруу (жеке номерин, паспорттун сериясы жана номери, электрондук почта жана телефон номери)

4

5. Бирдиктүү идентификация системасында каттоо эсебин түзүүгө макулдугуңузду белгилеңиз

5

6. «Сүрөт жүктөө» баскычын басыңыз

6

7. Сүрөткө тартуу эрежелери менен таанышыңыз, «Сүрөт жүктөө» баскычын басыңыз

7

8. Сүрөткө түшүңүз, жашыл белгини басыңыз

8
9

9. «Каттоо» баскычын басыңыз

10

10. Почтаңызды ырастаңыз. Көрсөтүлгөн почтага код жөнөтүлдү

11

11. Булуттук кол тамга алынды! Келишимди көрүү үчүн «ОК» баскычына басыңыз

12. Макулдашууну бөлүшүүгө болот (үстүндөгү «Бөлүшүү» баскычы), ылдый жагындагы «ОК » баскычын басканда-авторизация барагына өтүңүз

×
БИСке БЭК менен кантип кирсе болот?
1

1. «Электрондук колтамга» аркылуу кирүү ыкмасын тандаңыз

2

2. Жеке номерди киргизиңиз жана «Кийинки» баскычын басыңыз

3

3. Сыр сөздү киргизиңиз жана «Кийинки» баскычын басыңыз

4

4. «Булуттук электрондук колтамга» тандаңыз жана киргиңиз келген сертификатты басыңыз

5

5. «Email аркылуу кодун алуу» тандаңыз

6

6. Электрондук почтаңызга жөнөтүлгөн текшерүү кодун киргизиңиз жана «Кирүү» баскычын басыңыз

7

7. Куттуктайбыз! Сиз ийгиликтүү катталдыңыз

×
ID-карта менен кантип кирсем болот?

ID-карта менен кирүү үчүн, кардридерди компьютериңизге туташтырып, TumarCSP жана Cryptosocket атайын программаларын орнотуп алышыңыз керек (аларды «Инфоком» МИ расмий сайтынан жүктөөгө болот).

1

1. «ID-карта» менен кирүү ыкмасын тандаңыз

2. ID картаңызды кардридерге салыңыз

3. Паспортуңузду алганда койгон 4 цифралуу кодду киргизиңиз

4. «Кирүү» кнопкасын басыңыз

×
БИСке QR код менен кантип кирсе болот?
1

1. QR-код аркылуу кирүү ыкмасын тандаңыз

2

2. «Түндүк» мобилдик тиркемесине кириңиз жана авторизация өтүңүз

3

3. Мобилдик тиркеменин башкы беттиндеги «Скандоо» баскычын басыңыз

4

4. Компьютер экранында көрсөтүлгөн QR-кодту скандоо кылыңыз

5

5. Куттуктайбыз! Сиз ийгиликтүү катталдыңыз

Салык кызматынын маалымат системаларында QR-код аркылуу авторизация убактылуу жеткиликтүү эмес

×